Kino.kg предоставляет вам возможность воспользоваться услугой онлайн-покупки билетов в кино через систему ТикетОН.
Кинотеатры, желающие подключиться к услуге, могут обращаться в компанию Ticketon по номеру 0312 58 65 65 или daniel@ticketon.asia.
Кыргызстан, 2018
драма
комедия
Сүйүү күчү
О фильме
Сүйүү күчү
Suyuu kuchu

Производство Кыргызстан, 2018
Премьера в КР 26-Apr-2018
Возрастной рейтинг с 12 лет
Сюжет

Кадимки карапайым кыргыз айылы. Анда айтылып бүткүс окуяларга бай бир ууч эл жашайт. Алардын арасында Арсендин чакан үй-бүлөөсү да бар. Башкаларга салыштырмалуу турмушу жарды болгону аз келгенсип, келинчеги кенже уулу Алмазды төргөндө каза болуп калган. Балдарын жалгыз тарбиялап, багып чоңойтту. Улуу кызы Алтынай бир туугандарынын түйшүгүн жалгыз көтөрдү. Ал күн алыс тоого отун тергени кетет. Табият менен баарлашат. Аскалар, шар аккан суу, гүлдөр, көпөлөктөр менен сырдашат. Ал табияттын, куш-канаттуулардын тилин жакшы түшүнөт. Алар да Алтынайга жан дүйнөсүн ачып жаткандай туюлат. Өзүн тоодо гана бактылуу сезет. Күндөрдүн бир күнүндө тоодон келе жатып капысынан, бала кезинен бир-бирин жактырып, сүйүп жүргөн жигит, бирок алыстатуу максатында чет өлкөгө окууга жиберилген Бакытка жолугат. Ошол көз ирмемден тартып жан дүйнөсүндө билинбеген өзгөрүүлөр башталат...
Бакыт, төгөрөгү төп келген келишимдүү, билимдүү жигит болгондуктан аны ата-энеси үйлөнтүүгө шашат. Бирок ал турмуш куруудан баш тартып түрдүү амалдарга барат.
Ал учурда бетинде тырыгы бар, кыймылы олдоксон Алтынай Бакыттын жаңы салынып жаткан үйүн уурданып карайт, ага суктанат, кыялданат...
Тагдыр, Бакыт менен Алтынайды бирге кылабы же жокпу..? Окуя мына ушул суроонун тегерегинде уланат...

Рецензии

Станьте первым, кто напишет свою рецензию!

Режиссёр
Асем Токтобекова
В ролях
Асем Токтобекова
Улан Эшпаев
Марат Алышпаев
Гүлмира Турсунбаева
Замира Сатыбалдиева
Болотбек Тилек уулу